Ала-Букада сабиздин исине ууланып, көз жумган 3 жаран. Маркумдун жубайы окуя боюнча айтып берди

Мындан эки күн мурда ӨКМ маалымат таратып, Ала-Букада үч эркек киши бузулган сабиздин исине ууланып каза болгонун билдиришкен. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жалал-Абад ОИИБден окуя боюнча маалымат беришип, алардын жер төлөгө сабиз алуу үчүн түшүшкөнүн, бирок биринчи түшкөн киши көпкө чейин ал жерден чыкпай жатканынан акыркы экөө катары менен киришкенин билдиришти.

9-апрель күнү саат 09:30 чамасында Ала-Бука РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Ала-Бука аймактык ооруканасынын Тез жардам бөлүмүнөн чалуу болуп, анда Ала-Бука районунун Ала-Бука токой чарбасынын базалык көчөтканасынын короосундагы имараттын ичиндеги жер төлөдө Ала-Бука районунун тургундары — 1967-жылы туулган Э.Ф., 2000-жылы туулган М.Ш. жана 2004-жылы туулган У.И. аттуу жарандар ууланып каза болгондугун кабарлашкан.

Аталган маалымат Ала-Бука РИИБге катталып, окуя болгон жерге тергөө ыкчам тобу чыгышып, тийиштүү материалдар чогулган. Алдын ала териштирүүдө маркумдардын биринин жубайынын айтуусу боюнча, ошол күнү саат 08:30 чамасында каза болгон жарандар жер төлөгө тамак-ашка колдонуу үчүн сабиз алууга түшкөндүгүн, тактап айтканда, биринчи 55 жаштагы киши жер төлөгө түшүп кечигип калгандыктан, артынан кабар алуу үчүн 22 жаштагы жигит түшүп эле 18 жаштагы жигитке суу алып келүүнү суранган, суу алып келип, артынан түшкөн учурда, үчөө тең сабиздин жытына ууланып калышкандыгын, Тез жардам чакырылып, алар келип үч жарандын тең каза болуп калгандыгын тастыкташкандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча тергөө тарабынан соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бирок каза болгондордун жакындары жансыз денелерди соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан.