Ала-Букада унааны кууп келип, ок чыгарган окуя иликтенип жатат

Ала-Бука районундагы окуя иликтенүүдө. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

12-сентябрь күнү саат 16:55 чамасында милицияга Ала-Бука районунун Жапа-Салды айылынын ортосунда белгисиз жарандар унаанын артынан кууп келишип, ок чыгаргандыгы маалымдалган. Териштирүү иштеринин алкагында, Ала-Бука РИИБдин жетекчилиги окуя болгон жерге барган кезде 25-30 жаштардагы балдар өз ара уруша кетип, балдардын арасынан бирөө трамватикалык курал менен ок чыгаргандыгы аныкталган. Кароо учурунда 1 гильза алынган.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинде (бейбаштык) каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалган. Милиция кызматкерлери тарабынан аталган окуяга шектүү катары Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун 1994-жылы туулган тургуну кармалып, тергөө кызматына жеткирилген. Буга чейин жаран Орусияда каракчылык фактысы менен соттолгон.

Ошондой эле 1999-жылы туулган жабырлануучу райондук ооруканага жеткирилген. Азыркы учурда териштирүү иштери жүргүзүүлүүдө.