Ала-Букада үч эркек киши бузулган сабиздин исине ууланып каза болду

Ала-Букада үч эркек киши бузулган сабиздин исине ууланып каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Ала-Бука районунун Кош-Терек айылында жайгашкан токой чарба кызматына караштуу сабиз сактоочу кампанын жер төлөсүнөн сабиз чыгаруу үчүн 3 эркек адам (1967-жылы, 2004-жылы, 2000-жылы туулган) тартылган. Алдын ала маалымат боюнча бузулган сабиздин исине ууланып каза болушкан. Ал жерге 5 куткаруучу тартылып, каза болгон жарандарды чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.