Аквапаркта каза болгон баланын окуясы. «Ала-Тоо» аквапаркы 3 күндөн кийин үн катты

«Ала-Тоо» аквапаркынын администрациясы 6-июнь күнү №95 мектептин окуучусу чөгүп каза болгон окуя тууралуу 3 күндөн кийин үн катты.

«Ала-Тоо» аквапаркынын администрациясы №95 класстын окуучусунун сууга чөгүп каза болгонуна байланыштуу жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Учурда аталган факты боюнча укук коргоо органдары тарабынан кылмыш иши козголгон, видеобайкоолордун бардык жазуулары өткөрүп берилген. Ошондой эле Бишкек мэриясы, ИИМ тарабынан иликтөө иштери жүргүзүлүүдө. Биз иликтөөнүн жыйынтыгын күтпөй эле баласын жоготкон үй-бүлөгө колдон келген жардамыбызды көрсөтүп жатабыз. Мындан ары да уланта бермекчибиз. Биз жоопкерчиликтен качпайбыз, иликтөө иштерине жардам көрсөтүүгө даярбыз», — деп жазылган аквапарктын кайрылуусунда.