«Ала-Тоо» аянтында электромобиль самокатчан баланы сүзүп кеткени маалымдалды

«Ала-Тоо» аянтында электромобиль самокатчан баланы сүзүп кеткени маалымдалды. Бул тууралуу кечээ, 1-майда кырсыкка күбө болгон блогер Ырыс Жекшеналиев соцтармактагы баракчасы аркылуу жарыялады.

«Мына ушул кадимки автоунаадан айырмасы жок парк аралап жүргөн машиналардын темасы өткөндө бир көтөрүлүп, кайра тим болгон. Бүгүн майрам күнү катуу ылдамдыкта келип жөө жүргүнчүнү ыргыта сүзгөнүнө күбө болдум. Калаа жетекчилиги, чара көрбөсөңөр болбойт.

Тротуардан бассаң, самокаттар сүзсө, паркта сейилдесең, булар жөөлөп кетсе, аман калабызбы деги?!
Карагылачы. Эмне деген шумдук! Булар эч бир келишими жок иш алып барат, келишими бар болсо, мени сотко бергиле. Ким ушуларга «крыша» болуп жүргөнүн айтсам, тескерисинче мени жаман көрөсүңөр. Ушул жана ушуга окшогон паровоздорду жок кылып, таптакыр тыюу салуу керек», — деп жазды ал.