«Ала-Тоо» аянтында жолду тосуп турган бетонду сүзүп кеткен айдоочунун видеосу тарады

Бүгүн, 21-мартта Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтында жолду тосуп турган бетонду сүзүп кеткен айдоочунун видеосу тарады.

Видеодон көргөндөй, айдоочу жабылып турган жолду тосуп турган бетонду сүзүп, аянтка кирип кеткен. Окуя боюнча милиция маалымат бере элек.

Буга чейин ИИМден Нооруз майрамына карата шаардын борбордук бөлүгүндөгү унаа кыймылына чектөө киргизилери маалымдалган болчу.