Алай районунда кырсыкка кабылган тик учак боюнча Ош ОИИБ эмне дейт?

Ош ОИИБинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Алай районунун тоолорунда кырсыкка кабылган тик учак Коргоо министрлигине таандык. Ал Чоң-Алай районунун чек ара аймагын көздөй бара жатканда Кичи-Алай тоолорунда кулап түшкөн, бирок тоонун кайсы жери экени тактала элек.

“Мындан бир саат мурда бизге тик учак кулаганы боюнча маалымат келип түшкөн. Биз ошол замат жумушчу топту окуя болгон жакка жибергенбиз. Алай тоолору Ош облусунун 3 районунун ортосунда болгон үчүн кайсы аймакка жакын кулаганы тактала элек. УКМКнын төрөгасы Камчыбек Ташиев кулаган тик учакта болгон эмес. Ошондой эле ал тик учак аталган аймакка эмне себептен баргандыгы боюнча да маалыматыбыз жок”, — деп билдирди Ош ОИИБинин басма сөз кызматынын өкүлү.