Алай районунда Lexus жана Toyota унаалары кагышып, эки адам каза болду (видео)

Ош облусунун Алай районунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымат боюнча, Ош — Сары-Таш — Эркештам унаа жолунун 70-чакырымында Lexus-570 жана Toyota Corolla үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Кырсыктын кесепетинен бир аял жана бир эркек киши каза болуп, үч жүргүнчү жабыркаган. «Жерине 4 куткаруучу тартылган, бирок алар жеткенге чейин жергиликтүү тургундар каза болгон жарандардын сөөгүн унаадан чыгарышкан. Жабыркаган жарандарды Тез жардам кызматы Алай райондук ооруканасына жеткирген», — деп айтылат маалыматта.