Алай районунда сел жүрүп, көпүрөнү суу алып кетти (видео)

Кечээ, 3-май күнү саат 15:00 чамасында Ош облусунун Алай районунда кыска мөөнөттө жаап өткөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген суулар Гүлчө, Корул жана Коңур-Дөбө айылдарында сел жүрдү. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Алдын ала маалыматка ылайык, сел турак үйлөрдүн короолоруна кирген, жарандар жабыркаган эмес. Гүлчө айылы менен Корул айыл өкмөтүн байланыштырган көпүрөнү сел алып кеткен. Учурда жарандар айылдагы башка көпүрө менен каттап жатышат. Кырсык катталган жерле райондук Жарандык коргонуу кызматтарынын өкүлдөрү жана ӨКМдин Алай райондук бөлүмүнүн ыкчам тобу иш алып барууда.