Алайда 18 жаштагы жигит каза болуп, агасы ооруканада. Шектүү кармалды

Алай районунун Үч-Төбө айылында 18 жаштагы жергиликтүү тургун каза болуп, агасынын башы жарылган. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине милициядан тастыкташты. 

Кылмыш 3-ноябрда болгон. 1994-жылы туулган жигит 1992-жылы туулган айылдашы менен чырдаша кеткен. Мушташ учурунда 1992-жылы туулган жаран башка чапкан. Жабырлануучу үйүнө барганда анын 2005-жылы туулган иниси окуя тууралуу билип, «чечишүү» үчүн 1992-жылы туулган жарандын үйүнө барган. Уруш учурунда 18 жаштагы жигитке бычак сайылган. Кесепетинен ал каза болгон. Шектүүнүн унаа менен из жашырганы маалым болгон. «Перехват» жарыяланып, шектүүнү кармашкан. Учурда каза болгон жигиттин агасы ооруканада.