Алайда 25 жаштагы келин асынып алган

Ош облусундагы Алай районунда 25 жаштагы келин үйүндөгү короосунда асынып алды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирмеге ылайык, кечээ, 7-февраль күнү саат 10:30 чамасында, Алай райондук ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө ошол эле райондун Курманжан Датка айылынын 53 жаштагы тургуну 25 жаштагы келини үйүндө өзүн-өзү асып каза болгондугун билдирген.

Мындан улам окуя болгон жерге райондук ИИБинин ыкчам-тергөө тобу барган. Анда 7-февраль күнү саат 09:30 чамасында 25 жаштагы келин  үйүндөгү сарайда өзүн-өзү аркан жип менен асып алып, ошол жерден жерде каза болгону маалым болгон.

“Маркумдун жансыз денесине Алай райондук ооруканасында кароо жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Топтолгон материалдар Алай РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды”, – деп билдиришти башкармалыктан.

Ошондой эле мекеме учурда, келиндин эмнеден улам асынып алганы белгисиз экенин билдирип, тергөө иштери жүрүп жатканын айтышты.

Бирок маркум келиндин апасы жергиликтүү басылмаларга интервью берип жатып, кызынын өз жанын өзү кыйуусунан ишенбей, милицияга арыз менен кайрылганын билдирген.