Алайда жол кырсыктан 57 жаштагы аял каза болду. Небересинин абалы жакшы

1-июлда Алай районунда жол кырсыгы катталып, 57 жаштагы аял көз жумду. Бул тууралуу Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 15:00дөр чамасында Ош-Эркечтам унаа жолунун 177-чакырымында, тактап айтканда, Талдык ашуусунда болгон. Анда Өзгөн районунун 59 жаштагы тургуну Mersedes-Benz үлгүсүндөгү унаасы менен бара жатып рулун башкара албай жолдун оң тарабындагы бетон тосмону сүзүп, аласалып кеткен. Кырсыктын кесепетинен айдоочунун 57 жаштагы жубайы ооруканага жетпей каза болгон. Ал эми бир жаштагы небереси ооруканада жатат. Учурда небересинин абалы жакшы.