Алайда жүргөн сел 34 үйдү каптады

Кечээ, 20-апрель күнү саат 17:45 чамасында жааган мөндүрдүн кесепетинен Ош облусунун Алай районунун Тилектеш айыл өкмөтүнүн Тогуз-Булак айылында 5 кокту-колоттон сел жүрүп, 34 үйдүн короосун каптаган. Анын ичинен 5 үйдүн жана мектептин жер төлөсүнө сел суусу кирген.

Мындан сырткары, ички чарбалык унаа жолдун 5 жерин сел каптаган, учурда жол каттамы ачык. Ал эми сел түшкөн коктулардагы ички көчөлөр жабык.

Бүгүн, 21-апрелде селдин кесепеттерин жоюу иштерине 15 куткаруучу, ӨКМЖБД 3 кызматкер, райондук жарандык коргонуу кызматтарынан 50 кызматкер, айыл өкмөтүнөн 10 кызматкер, 2 жүктөгүч, жергиликтүү тургундардан 20 жаран, суу чарба кызматынан самосвал тартылды.