Алайда кар көчкү алдында калган баланын сөөгү табылды

Алайда кар көчкү алдында калган баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

14 жаштагы өспүрүм 2-апрель күнү  тоодо мал карап жүрүп, көчкү алдында калган. Бир жумадан бери издөө иштери жүрүп, баланын денеси табылбай жаткан.

Бүгүн издөө улантылып, ага ӨКМдин Алай районунун бөлүм башчысы, 20 жергиликтүү тургун, бир экскаватор тартылган.  Саат 9:20ларда баланын жансыз денеси кар көчкү алдынан табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди.