Алайда кар көчкү алдында калган өспүрүмдү издөө иштери кайрадан улантылууда

Алайда кар көчкү алдында калган өспүрүмдү издөө иштери кайрадан улантылууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2-апрелде болжол менен саат 13:30 чамасында Ош облусунун Алай районундагы Терек айылында тоодон кар көчкү түшкөн. Ошол учурда 2007-жылы туулган бала мал карап жүрүп дайынсыз жоголгон. Бүгүн жерине издөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн ӨКМден 30 куткаруучу, ИИМден 10 кызматкер, мындан сырткары жергиликтүү тургундар тартылган.

Кечээ, 3-апрелде жоголгон баланын ата-энесинин макулдугу менен издөө иштери токтотулган эле.