Алайда сууга түшүп кеткен унаа. Изделип жаткан баланын сөөгү табылды

ӨКМдин куткаруучулары тарабынан бүгүн, 5-июлда саат 11:05те 2018-жылы туулган Н.А. аттуу баланын сөөгү Мурдаш суусунан табылып, туугандарына өткөрүп берилди.

4-июль күнү саат 21:00 чамасында Ош облусунун Алай районундагы Мурдаш суусуна «Lada 222140» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай түшүп кеткен. Унаада 1 бала менен айдоочусу 1 эркек киши болгон. Жергиликтүү тургундар айдоочуну куткарып чыгышкан. Ал эми баланы издөөгө 5-июль күнү ӨКМден 16 куткаруучу, ИИМден 42 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 137 адам жалпы 195 адам тартылган.