Алайда сууга унаа түшүп кеткен, бала изделип жатат

Такталган маалымат боюнча, Алай районунун Мурдаш айылындагы Мурдаш суусуна Лада 212140 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай түшүп кеткен. Унаада 1 бала менен унааны айдап бара жаткан 1 эркек киши болгон. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.

Куткаруучулар айдоочуну куткарып чыгышып, баланы дале издөө иштери жүрүүдө. Издөө иштерине ӨКМден 16 куткаруучу, ИИМден 42 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 137 адам, жалпы 199 адам тартылды. Бүгүн дагы издөө улантылууда.