Алайда турак үйдөн өрт чыгып, 56 жаштагы эркек киши күйүп кетти (сүрөт)

Алайда турак үйдөн өрт чыгып, 56 жаштагы эркек киши күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өрт бүгүн, 8-апрелде болжол менен саат 13:33 чамасында Алай районунун Гүлчө айылындагы борбордук базардын артында жайгашкан турак үйдөн чыккан.

“Алай райондук ӨКБнын кызматкерлери 13:40да жерине барып, саат 13:44тө өрттү курчоого алышкан. Саат 14:04тө өрттү толугу менен өчүрүшкөн. Өрттөнгөн турак үйдөн 1965-жылы туулган эркек кишинин жансыз, күйүп кеткен денеси табылып, Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Учурда өрттүн чыгуу себеби жана зыяны такталууда”, — деп айтылат маалыматта.