Алайда милиция кызматкерин достору сабап өлтүрүшкөнбү? Алгачкы тергөө маалыматтары

Алайда киши колдуу каза тапкан милиция кызматкери Нурланбек Эркулов 28-январь күнү жумушка келбей калган. Андыктан жетекчилиги издөө салып жаткан учурда анын сөөгү табылган.

Ош ИИББинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, айрым басылмаларда 2 күн жумушка келген эмес деген маалымат чындыкка дал келбейт.

«Маркум 27-январь күнү милициянын участкалык инспектору катары саат 21:00 гө чейин жумушта болгон. Жумуш убактысы бүткөндө үйүнө кеткен. Алгачкы тергөө материалдарына ылайык, ал достору менен жакын санаалаш жигиттин туулган күнүн белгилегени барып, ичимдик ичкен достор мушташып кетишкен, натыйжада көптөп Нурланбек Эркуловду сабашкан. Ал алган жараттардан улам окуя болгон жерде каза болуп калгандыктан кылмыш изин жашыруу максатында кылмышка шектүүлөр маркумдун денесин автоунаага салып келишип, дарыяга агызып жиберишет. Окуя болжол менен саат 3:30 менен 5:30 чамасында болгондугу болжолдонууда. Кылмышка тийиштүү далил буюм катары жансыз денени салып келген Нексия үлгүсүндөгү кара түстөгү автоунаа жана мушташ учурунда колдонулган арматуранын сыныгы алынып тергөөгө өткөрүп берилди”, — деп SEREP MEDIA маалымат  агенттигине Ош ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти .