Жамгырдын кесепетинен Алай районунун Терек айылында сел жүрүп, 1 үйдүн жер төлөсүнө, 33 үйдүн короосуна, 3 социалдык объектинин короосуна кирип, Сопу-Коргон айылы менен Терек айылдарын байланыштырган ички чарбалык жолдун 7 чакырымынын 3 тилкесинде сел калдыктары жолду жаап каттам үзүлгөн. Ошондой эле электр мамысын сел агызып, электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.
Табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу үчүн жалпысынан 64 адам тартылып, анын 53ү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери. Учурда министрдин орун басары жеринде координациялоо иштерин жүргүзүүдө. Тартылган ыкчам топ тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, техникалардын жардамы менен Сопу-Коргон — Терек унаа жолунун 2,5 чакырым аралыгы тазаланып, бир тараптуу каттам ачылды. Мындан сырткары электриктер тарабынан электр жарыгы калыбына келтирилди.