Аламүдүн айыл өкмөтүнүн кызматкерлери кармалды. Алар алдамчылыкка шектелип жатышат

Аламүдүн районунда кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, документтерди жасалмалоо жана алдамчылык фактыларына шектелип аталган айыл өкмөттүн кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Аламүдүн айыл өкмөт башчысынын орун басары, Аламүдүн айыл өкмөтүнүн мурдагы кызматкери кармалган. Ошондой эле бул ишке Аламүдүн айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы да катышканы аныкталган. Ал учурда ооруканада дарыланып жатат.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүүлөр 2019-жылдын күзүндө Аламүдүн айылына жакын жердеги жер тилкелерин сатуу шылтоосу менен 15 миң доллар акча ээлеп алышкан. Алар жасалма токтомду пайдаланышканы айтылды.