Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, буга чейин Аламүдүн РИИБге жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, 2018-жылы бир нече адамдар ага Пригородное айылынан жер тилкесин алып беребиз дешип, 490 миң сомун алып, ошол боюнча из жашырып кетишкенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй ОИИБ жана Аламүдүн РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергө иш-амалдарынын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип, 50 жаштагы Чүй облусунун жашоочусу кармалган. Териштирүү учурунда кармалган жаран буга чейин бир нече жолу соттолуп, ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганы такталган. Шектүү жаран тергөө кызматына өткөрүп берилген. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.