Аламүдүн районунда 18 жаштагы жигит чоң атасын өлтүрүп, сөөгүн камыштардын арасына катып койгон

Аламүдүн районунун Ленинское айылында чоң атасын өлтүрүүгө шектелип небереси кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 6-март күнү Аламүдүн РИИБге Ленинское айылынын 70 жаштагы К.А. аттуу тургуну өзүнүн унаасы менен кошо дайынсыз болуп жатат деген маалымат түшкөн.

Жургүзүлгөн иш-чаралардын алкагында милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон жарандын үйүнө барышкан. Териштирүү учурунда анын үйүнүн алдында чакан кафеси бар экени жана жоголгон жаранды акыркы жолу ошол кафедеги эс алуучулар менен бирге отурганын көргөндөр болушкан.

Милиция кызматкерлери тарабынан кароо жүргүзүү учурунда ошол кафенин айланасынан канга окшогон шектүү белгилер табылып, ыкчам кызматкерлер кылмыштын изине түшүшкөн. Аламүдүн РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон жарандын 18 жаштагы небереси К.С. кылмышка тиешеси бар деген шек менен РИИБдин имаратына жеткирилген.

Териштирүү учурунда 2021-жылдын 5-март күнү кечинде небереси менен чоң атасынын ортосунда пикир келишпестик жаралып, небереси аны уруп жибергени аныкталган. Соккудан улам чоң атасы жерге эсин жоготкон абалда жыгылган. Анын дем албай жатканын көргөн небереси, балка менен башка чаап, кылмышты жашыруу максатында жансыз денени автоунаага салып, Аламүдүн районунун айылдарынын бириндеги камыштардын арасында таштап кеткен. Автоунааны жууп, ошол эле айылга таштап кетип калган.

Милиция кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон К.А.нын жансыз денеси жана автоунаасы табылып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча катталып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылып жатат.