Аламүдүн районунда каракчылыкка шектелип өспүрүм балдар кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда каракчылыкка шектелип үч өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Маевка айылындагы көчөлөрдүн биринен үч бала 15 жана 16 жаштагы балдарга күч колдонуп, алардын телефондорун жана акча каражаттарын тартып алышып, окуя болгон жерден из жашырып кетишкен.

Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 201-беренеси (тоноо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй ОИИБдин жана Аламүдүн РИИБдин криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чаралардын натыйжасында, жогорудагы кылмышка шектелип, 16 жаштагы Б.Э, А.Э. жана Ж.А. аттуу балдар кармалышкан.

Териштирүү учурунда кармалган балдардын дагы эки кылмышка тиешеси бар экендиги аныкталган.

Шектүү балдардын дагы башка кылмыштарга тиешеси бар же жок экендигин текшерүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.