Аламүдүн районунда мал уурдоого шектелген жаран кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда мал уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

27-февраль күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Өскөн-Ордо жаңы конушунун 51 жаштагы жашоочусу А.Б. арыз менен кайрылган. Ал 27-февралга караган түнү короосуна белгисиз бирөөлөр кирип, бодо малын уурдап кетишкенин билдирген.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Чүй ОИИБдин жана Аламүдүн РИИБдин Криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип Ысык-Көл облусунда туулуп, өскөн 30 жаштагы К.У. аттуу жаран кармалган.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүү Аламүдүн районундагы ушул сыяктуу башка кылмышка да катыштыгы бар экендиги такталган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.