Аламүдүн районунда уурулукка шектүү жарандар кармалды

Аламүдүн районунда уурулукка шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-июль күнү Ленин айылында жайгашкан кооперативдердин биринин өкүлү Аламүдүн РИИБине арыз менен кайрылып, 1-июлдан 4-июлга чейинки убакыт аралыгында талаа суугаруучу жабдуулардын 34 даана тетиктерин белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Келтирилген материалдык чыгым 170 миң сомду түзгөн. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренси (Уурдоо) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй облусунун ИИББнин жана Аламүдүн РИИБнин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгында жогорудагы кылмышка шектелип, 1987-жылы туулган жана 1993-жылы туулган жарандар кармалды. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында кармалган жарандардын дагы башка 9 кылмыш фактысына тиешеси бар экендиги аныкталган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.