Аламүдүн суусундагы көпүрөнүн алдында аял өлтүрүлгөн. Кылмышка шектүү кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери адам өлтүрүүгө шектүү жаранды аныктады. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине аталган кызматтан билдиришти.

16-апрелде Бишкек ШИИБдин “102” кызматына Жибек Жолундагы Аламүдүн суусунун көпүрөсүнүн алдында аял кишинин жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат Милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда, айтылган жерде 40-45 жаштагы аял кишинин жансыз денеси табылган. Кылмышка шектүү жаран окуя болгон жерден качып кеткен. Кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган жаранды кармалып, Свердлов РИИБге өткөрүп берилген.