Аламүдүндө 46 жаштагы киши 11 жаштагы кызга ыплас аракет кылган делүүдө

иллюстрация

Аламүдүн районунда эркек киши 11 жаштагы кызга ыплас аракет кылган деп шектелүүдө. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жашы жете элек кыздын атасы милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал 18-августта 11 жаштагы кызына ыплас иштерди жасаган белгисиз адамга чара көрүүнү суранган.

«Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин «ыплас иш-аракеттер» беренеси боюнча каттоого алынган. Шектүүнүн өздүгү такталган. 46 жаштагы киши сурак учурунда кызга карата эч кандай ыплас иштерди кылганын четке кагып, 18-августта Казакстандан кайтып келе жатканын айткан. Алма-Атинская көчөсүндө аны 10-12 жаштардагы кыз токтотуп, Аламүдүн базарына жеткирип коюуну суранган. Тыгындан улам ГЭС-2ге жетпей, айланма жол менен кете турганын түшүндүрүп, кызды таштап кеткен. Ал киши кыз менен унаада беш мүнөттөй гана болгонун, аны менен сүйлөшпөгөнүн жана тийишпегенин айткан», — деп айтылат маалыматта. 

Жашы жете элек кыз эркек киши анын буттарын, көкүрөгүн кармап, мойнунан өпкөнүн айткан. Соттук-психологиялык экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.