Аламүдүндө 6 жаштагы балага ыплас аракет жасаганга шектүү кармалды

Аламүдүн районунда жаш балага ыплас аракет жасаганга шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Аламүдүн РИИБге 1995-жылы туулган жергиликтүү жашоочу арыз менен кайрылып, бейтааныш бирөө анын 2015-жылы туулган баласына карата балдар ойноочу аянтчанын жанынан ыплас аракеттерди жасалганын билдирип, ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 165-беренеси (ыплас аракеттер) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталып, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.

Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 1992-жылы туулган жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, кийин райондук соттун чеими менен 2 айга камакка алуу чечими кабыл алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.