Аламүдүндө айдоочу жүргүнчүнү сүзүп кеткен. Жигит ооруканада көз жумду

Аламүдүн айылындагы «Чекиш-Ата» кичи базарынын тушунда айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу ооруканада каза болгон. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык 31-октябрда саат 05:30 чамасында болгон. Айдоочу 25 жаштагы жигитти сүзүп, жардам көрсөтпөстөн из жашырган. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген, бирок 22-ноябрда алган жаракатынан көз жумган. Кечээ, 9-декабрда кылмышка шектелип 31 жаштагы Токмоктун тургуну кармалды. Ал жигитти болжолдуу Kia Sportage үлгүсүндөгү унаасы менен сүзгөн. Унаа Бишкектеги сырдоочу жерден табылган.