Аламүдүндө айдоочу унааны башкара албай бакты сүзгөн. Жүргүнчү кыпчылып калган (сүрөт)

Чүйдө жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка карганда, Константиновка айылында Тайота Ист үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай бакты сүзгөн. Унаанын ичиндеги жүргүнчүсү 2003-жылы туулган жаран кыпчылып, куткаруучулардын жардамы менен чыгарылган. Унаанын айдоочусу жеңил жаракат алган.