Аламүдүндө алдамчылыкка шектүү кармалды. Милиция жапа чеккендерди кайрылууга чакырды

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Милицияга бир нече жаран арыз менен кайрылышкан. Анда Орусиядан жумуш таап берем деп алдоо жолу менен ишенимине кирип, 10 миң сомдон 20 миң сомго чейин акча каражат алып, качып жүргөн чала тааныш Чыңгыз аттуу жаранга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Бул фактылар Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.

Аталган жаранды аныктоо жана кармоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан бир катар ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, бул кылмышка шектүү делип, макулдашылган иштердин натыйжасында жаран кармалган. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган жарандын Аламүдүн районунун аймагындагы алдамчылык боюнча 7 фактыга тиешеси бар экендиги аныкталган.

Кармалган жарандын Кыргыз Республикаснын аймагында дагы ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы такталууда. Буга байланыштуу Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмү бул жарандан жапа чеккен жарандарга кайрылып, ички иштер органдарына төмөнкү телефондор аркылуу кайрылууга чакырат: Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмү 0312 36 35 27, 0312 36 35 23, 102.