Аламүдүндө бетон тосмону сүзгөн айдоочу мүрт кетти

Бүгүн, 21-майда болжол менен саат 04:45 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт айланма унаа жолунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык Аламүдүн районунун тушунда болгон. Анда ВАЗ-2109 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулга ээ боло албай жолдон чыгып, бетон тосмону сүзгөн. Кырсыктын кесепетинен унаанын айдоочусу 1960-жылы туулган эркек киши каза болду. ӨКМ кызматкерлери маркумдун жансыз денесин унаадан чыгарып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришти.