Аламүдүндө жардан секирген 39 жаштагы жаран аркан үзүлүп кетип каза болду

Кечээ, 6-июлда саат 13:30 чамасында Аламүдүн районунун Татыр айылынын тушунда жайгашкан Flyjump спорттук комплексинде жардан секирүү учурунда аркан үзүлүп кетип, 1985-жылы туулган Б.А. аттуу жаран ошол жерде каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан маалымдашты.

Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки иликтөө иштери башталды.