Аламүдүндө кесиптешин шантаж кылып, өзүнө жубайлыкка алгысы келген жигиттин окуясы. Кыз аны кечирген

Буга чейин Чүй ОИИБ маалымат таратып, Аламүдүндө бир нече кылмышка шектелген жаран кармалганын билдиришкен.

Аламүдүн РИИБге жаран кайрылып, 19-майда анын таанышынын атынан кат жазып, Көк-Жар айылына барганда аны сабап, тишин түшүрүп, окуяны видеого тартып, «мунун баарына өзүм күнөлүүмүн» дедирткен адамга чара көрүүнү суранган. Аталган факты каттоого алынып, бейбаштык менен кылмыш иши козголгон.

Кийин 1996-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Аталган жарандын 2023-жылдын февраль айынан бери өзүнүн кесиптешин шантаж кылып, ага турмушка чыгуусун талап кылып жүргөн. Ошондой эле февраль айында Көк-Жар айылында аны коркутуп, жыныстык катнашка барууга аракет кылган.

Бүгүн, 2-августта СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Жогорку Соттон кылмыш иш токтотулганын билдиришти. Маалыматка караганда, тараптардын жарашуусунун негизинде кыз тосмо арыз жазып берген. Шектүү сот залынан бошотулган.