Аламүдүндө кесиптешин шантаж кылып, өзүнө жубайлыкка алгысы келген шектүү кармалды

Аламүдүндө бир нече кылмышка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Аламүдүн РИИБге жаран кайрылып, 19-майда анын таанышынын атынан кат жазып, Көк-Жар айылына барганда аны сабап, тишин түшүрүп, окуяны видеого тартып, «мунун баарына өзүм күнөлүүмүн» дедирткен адамга чара көрүүнү суранган. Аталган факты каттоого алынып, бейбаштык менен кылмыш иши козголгон.

Кийин 1996-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынды. Аталган жарандын 2023-жылдын февраль айынан бери өзүнүн кесиптешин шантаж кылып, ага турмушка чыгуусун талап кылып жүргөн. Ошондой эле февраль айында Көк-Жар айылында аны коркутуп, жыныстык катнашка барууга аракет кылган. Кармалган жарандын бөгөт чарасы каралып, 2 айга камакка алынды. Тергөө уланууда.