Чүйдө сөөгү үйдөн табылган аялды өлтүрүүгө шектелип 38 жаштагы киши кармалды

Аламүдүн районунда киши өлтүрүүгө шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 8-майда Аламүдүн районунун Достук айылындагы үйдөн 42 жаштагы аялдын жансыз денеси табылган. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Чүй ОИИБдин жана Аламүдүн РИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип, 38 жаштагы жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Алдын ала териштирүү учурунда, окуя болгон күнү каза болгон аял менен шектүү ичимдик ичип отурушуп, ортодо чыккан пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, аялды бычак менен сайып жибергени маалым болгон. Учурда экспертиза дайындалып, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.