Аламүдүндөгү суу сактагычка балык уулоо үчүн кеткен жарандын жансыз денеси табылды

Аламүдүндөгү суу сактагычка балык уулоо үчүн кеткен 51 жаштагы жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

24-август күнү Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Ала-Арча суу сактагычына 1971-жылы туулган эркек киши балык уулоого чыгып, кайтып барган эмес. Ошол эле күнү жеринде издөө иши жүргүзүлүп, жарандын кийимдери суунун жээгинен табылган. Бүгүн, 26-августта издөө иштерин улантууга 6 куткаруучу саат 08:50дө тартылган.