Экс-мэр Албек Ибраимовго карата дагы бир кылмыш иши козголду

Мамлекетке 893 миллион сомдук зыян келтиргендиги үчүн экс-мэр Албек Ибраимов жана башкаларды жоопко тартуу жана зыянды өндүрүү маселеси каралууда. Бул тууралуу бүгүн, 5-февралда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка караганда, Кыргыз транспорттук прокуратурасы «Манас эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун жооптуу адамдарынын эл аралык каттамдарга жана жүк ташуу үчүн чет элдик «Гата эйрлайнс» компаниясына жеңилдиктерди бергендиги боюнча мыйзамсыз туруктуу коррупциялык схемасын аныктап чыккан.

Аталган чет элдик компанияга мыйзамсыз жеңилдиктерди берүүнүн натыйжасында «Манас аэропортунун»  2016-жылдын 1-июнунан 2020-жылдын 1-ноябрына чейинки аралыкта жогоруда көрсөтүлгөн коррупциялык схеманын кесепетинен 12 миллион АКШ доллары же 893 миллион сомдук ири өлчөмүндө мамлекетке зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча азыркы учурда шектүү катары «Манас эл аралык аэропортунун» дирекциясынын мурдагы башчысы Нурсултан Белеков кармалган.

«Азыркы учурда бул соттук өндүрүш боюнча «Манас эл аралык аэропортунун» директорлор кеңешмесинин мурдагы төрагасы Албек Ибраимовду, ошол эле мекеменин мурдагы президенти Эмир Чукуевди, ошондой эле акционердик коомдун башка жоопту кызматкерлерин, Мүлк фондунун жана Монополияга каршы агенттиктин жооптуу кызмат адамдарын кылмыш жоопкерчилигине тартуу жана мамлекетке келтирилген зыянды өндүрүү маселеси каралууда», — деп айтылат маалыматта.