Алдамчылык боюнча кармалган мурдагы депутат камакта калтырылды

Ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалган Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмилбек Жусуповдун бөгөт чарасы каралды. Бул тууралуу Свердлов райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 11-ноябрга чейин камакта болот.

Эмилбек Жусуповдун үстүнөн тергөө кызматына жарандар кайрылган, ал компаниянын башка кызматкерлери менен өз ара сүйлөшүп, батир берүүнү убада кылып, үлүшчүлөргө 61 миллион сомдон ашык материалдык зыян келтирген.