Алдамчылык жол менен 45 миң долларлык унаага ээлик кылып алган делип 24 жаштагы жигит кармалды

Бишкекте ири алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 19-февралда Октябрь РИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2020-жылдын 23-декабрында Бишкек шаарынын тургуну милицияга кайрылып, бир адам аны алдап, 45 миң доллар турган Range Rover Sport унаасын ээлеп алгандыгын айткан.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 204-беренесине (алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектелип милиция кызматкерлери тарабынан 24 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө кылмышка шектүүнүн башка ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар экендигин аныктайт.