Алдамчылыкка шектелип кармалган «Карвендин» кожоюну үй камагына чыгарылды

УКМК тарабынан алдамчылыкка шектелип кармалган «Карвендин» кожоюну Генрих Балян үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, сот мындай чечимди бүгүн, 17-июнда чыгарган.

«Ал 60 миллион сом өлчөмүндөгү зыяндын бир бөлүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин депозиттик эсебине которуу жолу менен өз ыктыяры менен төлөп берген. Ошондой эле, ал Бишкек шаарынын аймагында жашагандыктан үй камагына чыгарылды», — деп айтылат маалыматта.

Ишкер 15-июнда кармалып, УКМК анын алдамчылыкка шектелип жатканын маалымдаган. Ал мамлекеттик үлүшү бар банктардын биринин жооптуу кызматкери менен тымызын сүйлөшүп алып, өтпөй турган мүлктү күрөөгө коюп, башка бирөө аркылуу 2,3 миллион долларлык насыя алганы кабарланган.