Александровка айыл өкмөтү мамлекетке 1,1 миллион сом зыян келтиргени аныкталды

Чүйдүн Александровка айылынын кызматтагы адамдары тарабынан мамлекетке 1,1 миллион сом зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу УКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Такталган маалымат боюнча, 2020-жылдын сентябрында Александровка айыл аймагынын мурдагы башчысы Б.И.Ю жана «Александровка» («Таза-Айыл») МИ башчысы Н.С.А.  айылдагы таштанды полигонун рекультивациялоо жана тазалоо боюнча жасалма келишимге кол коюшкан. Жыйынтыгында, мамлекетке 1,1 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Аталган бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

2021-жылдын 26-мартында Б.И.Ю. аттуу жаран мурда бөлүнгөн 1,1 млн сомдон ашык суммадагы бюджеттик каражаттарды мамлекеттин эсебине толугу менен кайтарып берди.