Александровка айылындагы массалык мушташ боюнча кылмыш иши козголуп, окуяга катышкандар кармалды

5-сентябрда болжол менен саат 23:17де Москва РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Александровка айылында балдар тарабынан мушташ болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул маалымат Москва РИИБге катталып, окуя болгон жерге РИИБдин жетекчилиги, ыкчам-тергөө тобу жана милиция кызматкерлери барып, текшерүү иштерин жүргүзүшкөн.
Текшерүү иштеринин жүрүшүндө чыр 1-сентябрда үйлөнүү тойдо башталып, кийинчерээк балдардын ортосундагы чыр 5-сентябрда орун алган массалык мушташка айланган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголуп, милицияга 21 адам жеткирилип сурак жүргүзүлүп, жабырлануучулардын жана күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү алынган. Жабырлануучуларга медициналык жардам көрсөтүлүп, соттук-медициналык экспертизалар дайындалган. Учурда бул факты боюнча 2007-жылы туулган Х.К., Ю.Ф., Л.Т., Д.А., 2006-жылы туулган Д.А. жана 2004-жылы туулган Я.А.  камакка алынып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда окуяга катыштыгы бар балдарды аныктоо боюнча комплекстүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Тиешеси бар бардык адамдар аныкталып, мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылат. Чүй облусунун Ички иштер башкармалыгы коомдук коопсуздукту бузган ар кандай аракеттер мыйзам чегинде каралып жоопко тартыларын эскертип, коомдук тартипти бузбоого чакырат.