Алган парасын кайтарып берип жаткан Аламүдүн РИИБ тергөөчүсү кармалды

9-апрелде УКМК менен ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте мурда алынган каражатты пара катарында кайтарып жаткан жеринен Аламүдүн РИИБинин тергөөчүсү, милициянын ага лейтенанты кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал жарандардын биринен сотко чейинки өндүрүш ишин токтотуу үчүн 2000 долларын талап кылган. Андан кийин опузалап талап кылуу фактылары ачыкталып кетишине жол бербөө үчүн тергөө органдарынын өкүлдөрү жаранга 1500 долларын кайтарып беришкен. Калган 500 доллар өлчөмүндөгү каражаттын калган бөлүгүн кайтарып берүү учурунда, милициянын ага лейтенанты кармалды.

Аталган материал Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү (Опузалап пара алуу) фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.