Сооронбай Жээнбековдун кан кудасы мамлекетке 50 миллион сом кайтарды

Депутат Алиярбек Абжалиев бюджетке 50 миллион сом кайтарды. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйында билдирди. 

Анын айтымында, экс-депутат Марат Аманкулов дагы 50 миллион сом зыяндын ордун толтурган. Экс-депутат Жаныш Кудайбергенов 75 миллион сомдун ордун толтурду. Келтирилген чыгым такталууда жана 150 миллион сомго бааланууда. «Жарымы төлөнсө, жарымы жакын арада төлөнүп берилет», — деди Ташиев.

1-мартта УКМКдан Алиярбек Абжалиев мыйзамсыз баюуга шектелип жатканын билдиришип, анын экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен үй-бүлөлүк мамилесин колдонуп, мамлекеттик органдардын ишине “активдүү” кийлигишкенин билдирген. Ал эми 26-июнда анын УКМК эсебине 20 миллион сом төккөнүн маалымдаган. Ал эми 5-июлда депутат парламенттин жыйынына келген.