«Алма-Ата көчөсүндө жаранды өлтүрө сүзүп кетти» деген боюнча милиция маалымат берди

Буга чейин социалдык тармактарда Алма-Ата көчөсүндө жөө адамды унаа өлтүрө сүзүп кеткени тууралуу маалымат тараган. Кырсык боюнча Бишкек ШИИБден маалымат беришти. 

Маалыматка караганда, кырсык 26-октябрда саат 20:30 чамасында катталган. 1978-жылы туулган айдоочу Kia Rio унаасы менен жолдон өтүп бара жаткан жарандарды сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 1946-жылы туулган жаран алган жаракатынан улам каза болуп, 2016-жылы туулган бала ооруканага жаткырылган. Айдоочуга карата тийиштүү экспертиза дайындалган.