Сооронбай Жээнбековдун оң колу Алмамбет Салиев 2 айга камакка алынды

Бүгүн, 18-июнда президенттик аппараттын жетекчисинин мурунку орун басары Алмамбет Салиевдин баш коргоо чарасы каралып, эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, ал 16-августка чейин УКМКнын СИЗОсунда болот. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарган.

Алмамбет Салиев кечээ, 17-июнда мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган. УКМК ал президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп турганда, ошондой эле экс-президенттин артыкчылыгынан пайдаланып, мамлекеттик структураларга зыян келтирген жеке структуралардын кызыкчылыктарын лобби кылган укук коргоо жана мамлекеттик органдардын, сот системасынын ишине активдүү кийлигишкенин маалымдаган.