Алматыдагы СИЗОдо ачкачылык жарыялаган кыргызстандык боюнча ТИМ маалымат берди

Буга чейин жергиликтүү маалымат каражаттары Алматыдагы СИЗОдо отурган кыргызстандык Артур Ибрагимов ачкачылык жарыялаганын жазып чыгышкан. 

Кыргыз жараны камактагы шарттарга жана начар тамак-ашка нааразы болгон. Анын айтымында, камералар нымдуу, шейшеп берилбейт. «Мен буга чейин прокурорго көзөмөл жүргүзүү үчүн арыз менен кайрылгам, келүүсүн сурандым. Келген жок. Бул жерде бизди иттей кармап турушат. Биз кармалган жаран болсок да, адамбыз», — дейт ал видеодо.

Жигиттин жакындарынын айтымында, ал тогуз ай мурун уурулукка шектелип кармалган. Ал 4-майда видео кайрылуу жасаган, бирок андан бери абал өзгөргөн эмес. Натыйжада кыргызстандык ачкачылык жарыялоого аргасыз болгон. Ал Кыргызстандын Казакстандагы элчилигинен кырдаалга көңүл буруп, жардам берүүнү суранган.

Окуя боюнча ТИМден маалымат беришип, ТИМ Алматыдагы СИЗОдо камакта жаткан кыргызстандык Артур Ибрагимовдун арызын өзгөчө көзөмөлгө алганын билдиришти. 

«Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу Казакстандын компетенттүү органдарына Кыргыз жаранынын арызы боюнча мыйзамда белгиленген тартипте өндүрүштү жүргүзүү өтүнүчү менен нота жөнөттү. Жаранды СИЗОдо кармоонун шарттары менен таанышып чыгуу, ошондой эле анын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу үчүн консулдук мүмкүнчүлүк суралды», — деп айтылат маалыматта.