Алмаз Сарыбаев менен Курсан Асановдун бөгөт чарасы каралат. Алар сотко жеткирилди

Бүгүн, 16-сентябрда Биринчи Май райондук сотунда «Толубай» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевдин бөгөт чарасы каралат. Ал сотко жеткирилди.

Мындан тышкары, сотко Курсан Асанов да алып келинди.

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов менен «Толубай» жабык акционердик коомунун директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген видео социалдык тармакка жарыяланган. Аудио жазууда Курсан Асанов, депутат Жанар Акаев жана башка саясатчылар бийликти куралдуу басып алуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканы жазуу түрүндө көрсөтүлгөн. Кечээ, 15-сентябрда бул аудио боюнча бир нече саясатчылар ИИМге сурак берип чыгышты.